Жаңы жылдык майрамдык иш-чаралардын алкагында Бишкек шаарынын мэриясы борбор калаанын тургундарын жана конокторун ачык асман алдында өтө турган майрамдык музыкалык кечеге чакырат.

Бүгүн, 2025-жылдын 19-декабрында, саат 19:00дө Ала-Тоо аянтында шаардыктарды жана борбор калаанын конокторун Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият башкармалыгынын колдоосу менен уюштурулган «Кыргыз-Руху» эстрадалык-фольклордук ансамблинин  музыкалык номерлери кубандырат.

Кеченин конокторун чыныгы жылуу жана майрамдык маанай күтөт: жандуу музыка, улуттук обондор, жаңы жыл алдындагы өзгөчө атмосфера, үй-бүлөңүз жана досторуңуз менен көңүлдүү убакыт өткөрүү, эстеликке сүрөткө түшүү жана жаңы жылдын жакындап калганын сезүү мүмкүнчүлүгү түзүлөт.

Белгилей кетсек, ачык асман алдындагы мындай музыкалык кечелер жаңы жылдык майрамдардын бүткүл мезгилинде улантылып, шаардыктар жана борбор калаанын коноктору үчүн кышкы жомоктой өзгөчө маанай тартуулайт.

Урматтуу шаардыктар жана борбор калаанын коноктору! Бардык каалоочуларды концертке келип, келе жаткан жаңы жылдын кубанычын бөлүшүп, бул кечени майрамдык жана жагымдуу атмосферада өткөрүүгө чакырабыз!