2025-жылдын 16–17-декабрь күндөрү Казакстан Республикасынын Алматы шаарында Олимпиада чемпиону, Казакстан Республикасынын эмгек сиңирген спорт чебери Ольга Шишигинанын байгесине арналган X Республикалык жеңил атлетика турнири болуп өттү.
Мелдештин программасына 60 м, 200 м, 400 м, 800 м, 1500 м аралыкка чуркоо, 60 м тоскоолдуктар менен чуркоо, ошондой эле узундукка секирүү, бийиктикке секирүү, таяк менен секирүү, үч ирээт секирүү жана ядро түртүү дисциплиналары кирди.
Турнирге ар кайсы аймактардан 347 спортчу катышты. Алардын катарында С. Джуманазаров атындагы ОРАБӨМдүн жеңил атлетика бөлүмүнүн 12 тарбиялануучусу болуп, алар жогорку деңгээлдеги даярдыкты көрсөтүп, байгелүү орундарды багындырышты.
С. Джуманазаров атындагы ОРАБӨМдүн тарбиялануучуларынын жыйынтыктары:
60 метрге чуркоо:
- Сулейманова Эмилия — III орун, 8.23 (2006–2007-ж.т. юниор кыздар);
60 метр тоскоолдуктар менен чуркоо:
- Вабищевич Иван — II орун, 8.89 (2006–2007-ж.т. юниорлор);
200 метрге чуркоо:
- Ротарь Анастасия — II орун, 27.51 (2006–2007-ж.т. юниор кыздар);
- Турсунов Куттубек — III орун, 23.99 (2008–2009-ж.т. өспүрүмдөр);
400 метрге чуркоо:
- Дунаева Диана — I орун, 1:02.50 (2009–2010-ж.т. кыздар);
- Ротарь Анастасия — II орун, 59.5 (2006–2007-ж.т. юниор кыздар);
800 метрге чуркоо:
- Исаматов Азамат — I орун, 2:09.27 (2008–2009-ж.т. өспүрүмдөр);
- Шарабидинов Билал — II орун, 1:59.50 (2006–2007-ж.т. юниорлор);
- Токтосунов Арсен — III орун, 1:59.56 (2006–2007-ж.т. юниорлор);
1500 метрге чуркоо:
- Исаматов Азамат — II орун, 4:28.6 (2008–2009-ж.т. өспүрүмдөр);
- Токтосунов Арсен — III орун, 4:07.3 (2006–2007-ж.т. юниорлор).



