Бишкек шаарында майыптыгы бар адамдар арасында өткөн Инклюзивдик спартакиада жыйынтыкталды. Спартакиаданын программасына спорттун 10 түрү кирди: шахмат, шашки, стол тенниси, кичи-футбол, волейбол, армрестлинг, пауэрлифтинг, грек-рим күрөшү, тхэквондо WT жана сууда сүзүү.
Программанын акыркы түрлөрү болуп грек-рим күрөшү жана тхэквондо эсептелип, бул мелдештерге угуу мүмкүнчүлүгү чектелген 60ка жакын спортчу катышты. Уюштуруучулар белгилегендей, аталган спорт түрлөрү боюнча мелдештер Инклюзивдик спартакиаданын алкагында биринчи жолу өткөрүлдү. Келечекте бул мелдештерди жыл сайын туруктуу негизде Р. Санатбаев атындагы ОРАБӨМдүн базасында өткөрүү пландалууда.
Сурдо күрөш (грек-рим күрөшү) боюнча жеңүүчүлөр:
38 кг салмак категориясы:
•I орун — Кадыров Марсбек;
•II орун — Карыбеков Саян;
•III орун — Тюленов Канатбек;
•III орун — Бейшенбеков Нурислам.
55 кг салмак категориясы:
•I орун — Исаков Женишбек;
•II орун — Сагыналиев Айтемир;
•III орун — Сыртбаев Азат;
•III орун — Орозалиев Ислам.
65 кг салмак категориясы:
•I орун — Курбанов Нурислам;
•II орун — Абдыназаров Иса;
•III орун — Игнатов Алмаз;
•III орун — Толомушов Мурат.
Тхэквондо WT боюнча жеңүүчүлөр:
2014–2015-жылдары төрөлгөн кыздар, 42 кг салмак категориясы:
•I орун — Шарменбаева Мадина;
•II орун — Оганбекова Арууке;
•III орун — Турдалиева Раяна;
•III орун — Абдыкулова Нуркыз.
Кыздар, 32 кг салмак категориясы:
•I орун — Кыштакова Раушан;
•II орун — Махратбек кызы Савда.
2009–2010-жылдары төрөлгөн балдар, +50 кг салмак категориясы:
•I орун — Тунгучбеков Семетей;
•II орун — Курбанов Сардарбек;
•III орун — Уграсцкий Максим;
•III орун — Кочкоров Бекболот.
Жеңүүчүлөргө жана байге ээлерине кубоктор, медалдар, дипломдор жана эстелик белектер тапшырылды.
Инклюзивдүү спартакиаданы Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча департаменти уюштурду.



















