Турмуштук оор кырдаалга кабылган балдар үчүн «Акниет» борборунда тарбиялык багыттагы «Үлгүлүү аксакал» сынагы өткөрүлдү. Сынактын максаты — балдарга улуу муунду сыйлоону үйрөтүү жана адеп-ахлактык баалуулуктарга тарбиялоо.
Сынакка борбордун кызматкерлери катышып, өздөрүнүн өмүр баянын айтып беришти. Алар эмгек жолу, кесиптик тажрыйбасы жана жетишкендиктери тууралуу бөлүшүп, балдарга акыл-насаат айтып, турмуштан алган сабактарын айтып беришти.
Иш-чарага «Акниет» борборунун сүрөт ийриминин жетекчиси Таалайбек Мамбетов, өспүрүмдөрдүн тарбиячысы Күлүйпа Мусуралиева, тарбиячы Жыпаркул Назаркулова жана тарбиячы Апар Абдрахманова катышты.
Сынактын негизги максаты — балдарды тарбиялоо, туура жолду тандап, жакшы адам болууга багыт берүү жана шыктандыруу.
Мындай иш-чаралар балдардын руханий өнүгүүсүнө жардам берип, улуу менен кичүүнүн ортосундагы байланышты бекемдейт.








