Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев майыптыгы бар  жарандарды жеке кабыл алды.

Спортчу Эрдик Таалайбек уулу турак жай маселесин көтөрүп, реабилитациялык борборлордун алдында спорт залдарын түзүү сунушун айтты. Мэр аны Мамлекеттик ипотекалык компаниянын тизмесине киргизүү үчүн документтерди даярдоону тапшырды жана реабилитациялык борбор куруу пландары бар экенин билдирди.

Айдана Өмүрбекова шаардык инфраструктуранын жеткиликтүүлүгү жана жумушка орноштуруу боюнча сунуштарын билдирди. Мэр ага муниципалитеттен жумуш сунуштап, тиешелүү кызматтарга бул маселени кароону тапшырды.

Мэрия шаарда ыңгайлуу жана жеткиликтүү чөйрөнү түзүүгө багытталган жарандардын демилгелерин колдоого даяр.