Бишкек шаарынын мэриясынын Санариптик технологиялар борбору Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги менен биргеликте «Менин шаарым» мобилдик тиркемесинин функционалдык мүмкүнчүлүктөрү кеңейгенин маалымдайт.
Учурда коомдук транспорттун кыймылын реалдуу убакыт режиминде көзөмөлдөө функциясы республиканын төмөнкү шаарларында жеткиликтүү: Ош, Кант, Манас, Талас жана Токмок. Бул кызмат шаар тургундарына жана конокторуна, маршруттар жана коомдук транспорттун жүрүшү тууралуу актуалдуу маалымат алууга мүмкүнчүлүк берип, жол жүрүүнү ыңгайлуу пландаштырууга шарт түзөт.
Алдыда «Менин шаарым» мобилдик тиркемесинин функционалы этап-этабы менен кеңейтилип, Кыргыз Республикасынын бардык аймактарында жеткиликтүү болот.
Бишкек шаарынын мэриясынын Санариптик технологиялар борбору шаардык кызматтардын сапатын жогорулатууга, ошондой эле заманбап, ыңгайлуу жана ачык шаардык чөйрөнү калыптандырууга багытталган, санариптик чечимдерди ырааттуу түрдө ишке ашырууну улантат.