Жаңы жылдык балатыны жандыруу аземинде мэр Айбек Джунушалиев Насыйкат Баймырзаевага Бишкек шаарынын мэриясынын резервдик фондунан акчалай сертификат тапшырды.
Каражат эки көзүнө тең көздүн чел кабыгын алмаштыруу операциясын жүргүзүү үчүн зарыл.
Насыйкат Баймырзаева №5 искусство мектебинде жана азиз жана көрүүсү начар балдар үчүн жатак мектепте билим алып, эл аралык сынактарга катышып келет.
Бишкек шаарынын мэриясы берилген каражаттар операциянын ийгиликтүү өтүшүнө жана ден соолугун калыбына келтирүүгө жардам берет деп үмүттөнөт.
Насыйкатка бекем ден соолук, окуусунда жана чыгармачылык ишмердүүлүгүндө мындан аркы ийгиликтерди каалайбыз.



