Казакстан Республикасынын Алматы шаарында Казакстан Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучусу О. Н. Гиржондун жаркын элесине арналган өспүрүмдөр жана кыз-келиндер арасындагы республикалык жеңил атлетика боюнча мелдеш болуп өттү.

Мелдештин программасына 60 м, 200 м, 400 м, 600 м, 1000 м, 2000 м жана 3000 метр аралыкка чуркоо, ошондой эле бийиктикке жана узундукка секирүү, ядро түртүү дисциплиналары кирди.

Жарышка 120 спортчу, анын ичинде С. Джуманазаров атындагы ОРАБӨМдүн жеңил атлетика бөлүмүнүн 13 тарбиялануучусу катышып, жогорку даярдык деңгээлин көрсөтүп, татыктуу жыйынтыктарга жетишти.

С. Джуманазаров атындагы ОРАБӨМдүн тарбиялануучуларынын жыйынтыктары:

60 м аралыкка чуркоо (уландар):
•Гайбулаев Арслан — 2-орун (7,4 сек.);
•Копенкин Николай — 3-орун (7,5 сек.), жарым финал — 7,3 сек.;

200 м аралыкка чуркоо:
•Замирова Бермет — 1-орун (27,1 сек.), кыздар;
•Копенкин Николай — 2-орун (25,4 сек.), уландар;

400 м аралыкка чуркоо:
•Замирова Бермет — 1-орун (1:03,4), кыздар;
•Бондарев Матвей — 3-орун (59,5 сек.), уландар;

600 м аралыкка чуркоо:
•Минадирова Валерия — 3-орун, кыздар;
•Казакбаев Айдарбек — 3-орун (1:29,1), уландар;

1000 м аралыкка чуркоо:
•Бейшеналиева Аяна — 1-орун (3:21,0), кыздар;
•Казакбаев Айдарбек — 2-орун (2:47,8), уландар;

2000 м аралыкка чуркоо (кыздар):
•Бейшеналиева Аяна — 1-орун (7:29,6).

Мелдешке катышуу жаш спортчулардын спорттук чеберчилигин жогорулатууга, атаандаштык тажрыйбасын кеңейтүүгө жана эл аралык деңгээлде тажрыйба алмашууга маанилүү мүмкүнчүлүк болду.