Россия Федерациясынын Москва шаарында «Золотой заяц» XXVI Ачык параармрестлинг турнири өттү, турнир мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын эл аралык декадасына арналган.
Мелдешке 600дөн ашык спортчу катышты, алардын катарында КМШ өлкөлөрүнүн жана Россиянын ар кайсы региондорунан келген спортчулар болду. Бул турнирдин жогорку статусун жана масштабын тастыктады.
Теннис, паралимпиадалык жана спорттун күч түрлөрү боюнча олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинен төрт спортчусу катышып, жогорку жыйынтык көрсөтүп, мектебин жогорку деңгээлде таанытты.
Мелдештеги жетишкендиктери:
•Прокопов Александр — 1-орун (оң кол), 1-орун (сол кол), 65 кг, таяныч-кыймыл аппараты менен кыйынчылыктар бар спортчулар категориясы (арабада);
•Жунусов Өмүрбек — 1-орун (сол кол), 1-орун (оң кол), 70 кг, таяныч-кыймыл аппараты менен кыйынчылыктар бар спортчулар категориясы;
•Нурматов Евгений — 3-орун (оң кол), 100 кг, көрүү мүмкүнчүлүгү чектелген спортчулар категориясы; абсолюттук салмак категориясында 2-орун (оң кол) жана 2-орун (сол кол).
«Золотой заяц» турнири спортчулар үчүн даярдыкты жакшыртууда маанилүү этап болуп, алардын жогорку чеберчилигин тастыктап, параспортту өнүктүрүүгө салым кошту.


