Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында Каракол шаарынын БОСМү тарабынан самбо боюнча ачык чемпионат өттү. Мелдешке кичинекей жаштагы спортчулар катышты.

«Ак Илбирс» ОРАБӨМдүн тарбиялануучулары мелдешке активдүү катышып, командалык эсепте 1-орунду ээледи.

Жеке эсептеги жеңүүчүлөр:
•1-орун: Абдылакинов Салих (46 кг), Камчыбеков Бахтияр (58 кг);
•2-орун: Абдыбеков Аалынур (38 кг), Муратов Ибрагим (42 кг), Максутов Адиль (49 кг), Ашымбеков Эльмар (58 кг), Бурханов Эмирхан (71 кг);
•3-орун: Ашымов Амантур (71 кг), Абдылдаев Аслан (53 кг), Абдиев Алихан (49 кг);

Мелдешке Кыргыз Республикасынын ар кайсы областарынан 15тен ашык команда, жалпы 200дөн көп спортчу катышты.