«Жеңиш» ОРАБӨМдүн базасында 25 жашка чейинки спортчулар арасында бильярд спорту боюнча «Эркин пирамида» түрүндө мелдеш өткөрүлдү.

Турнир жаштар арасында бильярд спортун өнүктүрүүдө маанилүү этап болуп, бул спорт түрүнө болгон кызыгууну арттырууга, ошондой эле катышуучулардын техникалык чеберчилигин жогорулатууга шарт түздү.

Мелдештин жыйынтыгында байгелүү орундар төмөндөгүдөй бөлүштүрүлдү:
1-орун — Ураимов Сыймык;
2-орун — Огобаев Артур;
3-орун — Максатбек уулу Марат;
3-орун — Мирбек уулу Чынгыз.

5–8-орундарды Карабеков Эржан, Сулайманов Байел, Айдаралиев Сыймык жана Мамасадык уулу Алтынбек ээлешти.

Жеңүүчүлөр жана байге ээлери дипломдор жана эстелике белектер менен сыйланышты.