Бишкек шаарынын мэри убактылуу Батыш автобекетин текшерүү учурунда айдоочулардын көйгөйлүү маселелерин жана сунуштарын укту. Ал Бишкек шаарынын ИИБнин алдындагы Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгына мыйзамсыз жүргүнчү ташуу менен алектенген таксисттерге карата чара көрүүнү жана тиешелүү рейддик иш-чараларды өткөрүүнү тапшырды.
Шаар башчысы мыйзамдуу негизде иштеп, шаар аралык каттамдарды убактылуу Батыш автовокзалы аркылуу аткарып жаткан таксисттерге лицензиялар артыкчылыктуу тартипте берилерин белгиледи. Ошол эле учурда муниципалитет мыйзамсыз жүргүнчү ташууну улантып жаткан айдоочуларга лицензия бербөөнү кескин түрдө сунуштайт.


