Бишкек шаарында билим берүү мекемелеринин жетекчилери үчүн жыйын өткөрүлдү.
Иш-чаранын жүрүшүндө баяндамачылар билим берүү процессине киргизилген жаңы талаптар жана өзгөртүүлөр тууралуу маалымат беришип, жетекчилер өзгөчө көңүл бурушу керек болгон бир катар маселелерди белгилеп өтүштү.
Жыйындын өзүнчө бөлүгүндө билим берүү мекемелеринин ишин жаңыланган нормативдерге ылайык уюштуруу боюнча милдеттер талкууланды.
Бишкек шаарынын мэринин Билим берүү департаментинин директору Рахат Мусаева мекемелерде тийиштүү санитардык шарттарды, ошондой эле билим берүү процессинин башка маанилүү багыттарын камсыз кылуу боюнча бир катар тапшырмаларды берди.


