2025-жылдын 12-декабрында  «Ош базары» жана «Орто-Сай» базарларында мэрдин биринчи орун басары  Мирланбек Байгончоков менен Кыргыз  Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин биринчи орун басары Жаныбек Керималиев эт азыктарынын баасын көзөмөлдөө боюнча рейд өткөрүштү.

Иш-чарага Ленин жана Октябрь райондорунун администрацияларынын биринчи орун басарлары, Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу  кызматынын өкүлдөрү, ошондой эле «Кыргыз Агрохолдинг» ААКнын башкармалыгынын төрагасынын  орун басары катышты.

Мониторингдин жүрүшүндө ишкерлерге эт азыктарынын баасына коюлган чектөөлөрдү так сактоо зарылдыгы түшүндүрүлдү. Эгерде эттин баасы 680 сомдон жогору сатылган фактылар аныкталса, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы мыйзамда каралган чараларды колдонору белгиленди.

Мындан тышкары, эт азыктарынын  баасын көтөрүлүшүн токтотуу максатында «Кыргыз Агрохолдинг» ААК тарабынан аталган базарларда социалдык мааниге ээ баалар менен кошумча эт сатуу пункттарын ачуу маселеси каралды.

Белгилей кетсек, муниципалдык администрациялар Монополияга каршы жөнгө салуу  кызматы  менен биргеликте бааларга мониторинг жүргүзүүнү жана рейддик иш-чараларды үзгүлтүксүз улантышат. Аныкталган бардык мыйзам бузуулар боюнча колдонуудагы мыйзамдардын негизинде чаралар көрүлөт.