2025-жылдын 15-декабрында саат 18:30да Ала-Тоо борбордук аянтында Бишкек шаарынын башкы жаңы жылдык балатысын жандыруу аземи өтөт.
Иш-чаранын конокторун бай программа жана чыныгы майрам күтөт. Сахнада белгилүү артисттер жана эл сүйгөн ырчылар өз өнөрлөрүн тартуулашат.
Ошондой эле аянтта чоң майрамдык эс алуу жана көңүл ачуу аймагы уюштурулат: 1500 чарчы метрлик муз аянтчасы, соода дүкөнчөлөрү жана фуд-корт, этно-зона, мастер-класстар өтүүчү жай, Сантанын үйлөрү, фотозоналар жана оюн-зоок зонасы.
Бардык коноктор келе жаткан жаңы жылдын атмосферасын сезип, үй-бүлөсү жана достору менен убакыт өткөрүп, майрамдык сүрөттөргө түшүп, ачык асман алдындагы концерттен ырахат алышат.
Борбор калаанын бардык тургундарын жана конокторун келе жаткан жаңы жылдын кубанычын биз менен бөлүшүп, чыныгы кышкы жомокту көрүүгө чакырабыз!