Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин тапшырмасына ылайык, борбор калаада жер мунапысын ишке ашыруу боюнча иштер үзгүлтүксүз уланууда.
Бишкек шаарынын мэриясынын Жеке турак жай курулуш жана шаар куруу департаменти райондук администрациялар жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен биргеликте жер амнистиясына туш болгон объекттер боюнча арыздарды кароону улантууда.
Биринчи Май райондук комиссиясы тарабынан 66 арызды жактырылып, алар администрацияга токтом бекитүү үчүн берилди.
Бул багыттагы иштер улантылат.



