Бүгүн, 2025-жылдын 11-декабрында, «Таберик» залында Свердлов жана Биринчи Май райондорунун мектептеринин ата-энелери менен маалыматтык жолугушуу өттү. Иш-чарага мэрдин орун басары Виктория Мозгачева, райондордун РИИБ өкүлдөрү, ошондой эле мэриянын «Балдарды коргоо борбору» мекемесинин адистери катышты.
Жолугушуунун негизги максаты — мекемелер аралык өз ара кызматташууну күчөтүү жана өспүрүмдөр арасында укук бузуулардын алдын алуу чаралары боюнча ата-энелердин маалымдуулугун жогорулатуу.
Иш-чаранын жүрүшүндө РИИБ өкүлдөрү өспүрүмдөр арасында кеңири жайылган укук бузуулардын түрлөрү, санарип чөйрөдөгү жаңы тобокелдиктер тууралуу айтып беришип, ошондой эле балдар үчүн коопсуз чөйрө түзүүдө ата-энелердин өз убагында катышуусу өзгөчө маанилүү экенин белгилешти.
"Балдарды коргоо борборунун "психологу өткөргөн тренинг программанын өзгөчө бөлүгү болду. Ата-энелер өспүрүмдөр менен ишенимди бекемдөө, татаал кырдаалдарда конструктивдүү өз ара аракеттенүү жана мүмкүн болгон девианттык жүрүм-турумдун белгилерин эрте таануу боюнча практикалык сунуштарды алышты.
Жолугушуунун дагы бир маанилүү бөлүгү чыгармачылык программа болду: балдар иш-чаранын темасына ылайык сахналаштырган көрсөтүүлөрдү даярдап, көрсөтүштү.
Белгилей кетсек, мындай жолугушуулар улантылат, анткени өсүп келе жаткан муун үчүн коопсуз жана колдоочу чөйрөнү түзүү — үй-бүлөнүн, мектептин жана мамлекеттик түзүмдөрдүн биргелешкен аракетин талап кылат.






