2025-жылдын 10-декабрында «Таберик» залында Ленин жана Октябрь райондорунун мектеп окуучуларынын ата-энелери менен жолугушуу өттү. Жолугушуунун  максаты өспүрүмдөр арасында укук бузууларды алдын алуу жана билим берүү уюмдары менен укук коргоо органдарынын өз ара кызматташтыгын чыңдоо болуп саналат.

Иш-чарага Бишкек шаарынын мэринин орун басары Виктория Мозгачева, ички иштер органдарынын жана райондук администрациялардын өкүлдөрү катышты. Коноктордун арасында төмөнкүлөр болду:

— Нургүл Ысакова, милициянын майору, КР ИИМдин тергөөчүсү;
— Жеңишбек Абыканов, Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын начальниктин орун басары;
— Эркин Тыналиев, Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын начальниктин орун басары;
— Таалай Жакыпов, «Балдарды коргоо борбору» коомдук бирикмесинин социалдык кызматкери;
— Алисхан Акылбеков, ШИИБдин өкүлү.

Иш-чаранын жүрүшүндө психологдор балдардын психологиялык өзгөчөлүктөрү жана туура баарлашуу ыкмалары тууралуу кыскача маалымат беришти, андан кийин ата-энелер менен тренинг өткөрүлдү.

Жолугушуунун негизги максаты — өспүрүмдөрдүн укук бузууларынын алдын алуу, ошондой эле ата-энелерди балдардын коопсуздугуна байланыштуу заманбап тобокелчиликтер тууралуу маалымдуулугун жогорулатуу болду.

Мэрдин орун басары  ата-энелер менен  өспүрүмдөрдүн жоопкерчилиги, үй-бүлө менен мектептин өз ара аракеттенүүсү жана балдардын мыйзамсыз иштерге аралашуусунун алдын алуу чаралары боюнча кеңири түшүндүрмө берди.

Милиция кызматкерлери өспүрүмдөрдүн жүрүм-турумундагы өзгөрүүлөргө өз убагында көңүл буруу, ата-энелик көзөмөлдү күчөтүү жана үй-бүлөнүн тарбия процессине активдүү катышуусу абдан маанилүү экенин баса белгилешти. Ошондой эле балдардын коопсуздугун камсыздоодо мектептин жана ведомстволор аралык кызматташуунун ролу өзгөчө белгиленди.

Жолугушуунун соңунда катышуучулар ата-энелердин укуктук маданиятын жогорулатып, өсүп келе жаткан муун үчүн коопсуз чөйрө түзүүгө жардам берген ушундай диалогдук аянтчалардын маанилүүлүгүн белгилешти.