Бишкек мэриясынын жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгы Садыгалиев көчөсүндө тиешелүү уруксат кагаздары жок орнотулган мыйзамсыз күркөлөрдү аныктап, демонтаждоодо.

Мэриянын комиссиясы ишкерлер менен түзүлгөн келишимдерди жокко чыгарып, муниципалдык менчиктеги 125 чарчы метр жер аянтын бошотту.

Мыйзамсыз объектилерди аныктоо жана бузуу боюнча иштер мындан ары да улантылат.