5–7-декабрь күндөрү борбор калаада U-15 жана U-17 жаш курактагы кыз-келиндер арасында күрөш боюнча Бишкек шаарынын Кубогу болуп өттү. Мелдешке Өзбекстандан, Казакстандан жана Кыргызстандан жалпы 250гө жакын спортчу катышты.

Кубоктун салтанаттуу ачылышына Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаментинин УС, ФММ бөлүмүнүн башчысы Канатбек Маматов, 2025-жылдын кыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнө чемпиону Нурзат Нуртаева, «Олимп» спорт мектебинин директору Элдияр Шатманов жана Бишкек шаарынын кыз-келиндер күрөшү боюнча улук машыктыруучусу Үсөналы Рыскулов катышты.

Бул турнир 2020-жылдан бери жыл сайын уюштурулуп, быйыл бешинчи жолу өтүп жатат. Жеңүүчүлөр менен байге ээлери кубок, медаль жана дипломдор менен сыйланышат.

Иш-чаранын уюштуруучулары Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти жана Кыргыз Республикасынын Күрөш федерациясы.