Бишкек шаарынын  мэриясы дарыяларды жана каналдарды комплекстүү тазалоо жана көрктөндүрүү иштерин улантууда.

Көрктөндүрүүнүн биринчи этабынын алкагында Аламүдүн жана Ала-Арча дарыяларынын нуктары тазаланып, 107 000 тонна таштанды чыгарылды.

Учурда дарыянын жээгин бекемдөө иштери жүрүп жатат. Бул кылдат даярдыкты талап кылган техникалык жактан татаал процесс, андыктан аны ишке ашыруу кошумча убакытты талап кылат.

Ошол эле учурда дарыялардын  агымын жакшыртуу, суу ташкындарынын алдын алуу жана коопсуз жана экологиялык жактан таза шаардык чөйрөнү түзүү үчүн дарыялардын жана каналдардын жээгиндеги мыйзамсыз курулуштарды демонтаждоо иштери жүрүп жатат. Азыркыга чейин 300гө жакын курулуш демонтаждалган жана бул иш уланууда.

Белгилей кетсек, көрктөндүрүү алкагында ишке ашкан алгачкы долбоор  «Алга» спорт комплексинин алдындагы променад болду, ал  Абдрахманов жана Үсөнбаев көчөлөрүнүн ортосундагы тилкеде жайгашкан. Мындан тышкары, көрктөндүрүү иштери ЖЮБдин техникалык каналынын жанындагы аймакта да жүргүзүлүп жатат.

Бишкек шаарынын Шаар курулушу жана архитектура боюнча башкы башкармалыгы дарыялардын жана каналдардын жээгиндеги аймактарды көрктөндүрүү боюнча алдын ала долбоорлорду даярдап, учурда долбоордук-сметалык документтерди иштеп чыгууда. Аяктагандан кийин, көрктөндүрүү долбоорлору пландаштырылган бардык жерлерде ишке ашырыла баштайт.