№70 жалпы билим берүү мектебинде акын, драматург жана котормочу Жоомарт Бөкөнбаевдин 115 жылдык мааракесине арналган «Убакыт жана эстелик агымында» аттуу салтанаттуу иш-чара болуп өттү.
Иш-чаранын негизги максаты — Бөкөнбаевдин чыгармачылыгын жаш муунга кеңири жеткирүү, окуучулардын кызыгуусун арттыруу жана акындын чыгармаларын көркөм окуу аркылуу тааныштыруу болду.
Салтанаттуу кечеге акындын уулу Кулубек Бөкөнбаев, белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмер, тарых илимдеринин кандидаты, педагогика илимдеринин доктору, профессор Ишенгүл Садыковна, Билим берүү департаментинин адиси Бакирова Перизат Дүйшөбаевна, ошондой эле мектептин окуучулары жана педагогикалык жамааты катышты.
Кеченин жүрүшүндө жаштарга мазмуну терең, эмоционалдуулугу менен таасирдүү болгон акындын чыгармалары сунушталып, бул адабиятка болгон кызыгууну ойготууга, улуттук маданият менен руханий мурасты даңазалоого маанилүү кадам болду. Ошондой эле Бөкөнбаевдин «Чептен эрдин күчү бек» аттуу чыгармасынын негизинде тартылган мультфильм көрсөтүлүп, мектеп китепканасына анын чыгармачылыгынын жыйнактары белекке берилди.
Мааракелик жолугушуу учурунда Кулубек Жоомартович атасынын китептерге кирбей калган кызыктуу эскерүүлөрү менен бөлүшүп, окуучуларга ыраазычылык билдирди.