Свердлов районунда үй-бүлөлүк, гендердик жана санариптик зомбулуктун алдын алуу маселелерине арналган тегерек стол өткөрүлдү.

Иш-чара дүйнөлүк «Зомбулукка каршы 16 күн» акциясынын алкагында уюштурулуп, үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу жана  тиешелүү түзүмдөрдүн өз ара кызматташуусун талкуулоого багытталды.

Тегерек столду райондун акиминин орун басары А. Арстамбекова алып барды. Жыйындын жүрүшүндө катышуучулар аткарып жаткан иштери тууралуу маалымат беришти. Ошондой эле РИИБдин жетекчинин орун басары М. Каратаев, «Шанс» кризистик борборунун директору Е. Ткачева жана башка түзүмдөрдүн өкүлдөрү доклад жасашты.

Айрыкча, кызматтар тарабынан жабырлануучуларды аныктоо, коштоп жүрүү, ыкчам маалымат менен алмашуу жана үй-бүлөлөрдө, билим берүү мекемелеринде профилактикалык иш-чаралардын натыйжалуулугун жогорулатуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Өзүнчө бөлүм катары санариптик зомбулук — мазактаган материалдарды таратуу, коркутуулар, куугунтуктоо жана онлайн-чөйрөдөгү башка агрессивдүү көрүнүштөр талкууланды.

Тегерек столдун жыйынтыгы боюнча катышуучулар ведомстволор аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө, профилактикалык иш — чараларды күчөтүүгө жана калк арасында зомбулуктун бардык түрлөрүн  алдын алуу үчүн маалыматтык ишти кеңейтүүгө макулдашышты.

Иш-чара  калктын аялуу катмарларын коргоо боюнча биргелешкен аракеттерди талкуулоонун маанилүү аянтчасы болду.