Бишкек шаарынын райондорунда «Үлгүлүү аксакал», «Үлгүлүү байбиче», «Нарктуу келин», «Мыкты ата», «Үлгүлүү үй-бүлө», «Үлгүлүү көчө», «Үлгүлүү конуш», «Үлгүлүү ишкана», «Үлгүлүү жамаат (коллектив)» аттуу конкурстар өткөрүлөт.

Белгилей кетсек, конкурска Бишкек шаарынын тургундары, эмгек жамааттары, ишканалар, кичирайондор жана конуштар катыша алышат. Конкурска катышуу ыктыярдуу жана акысыз.

Конкурсанттардын арыздары 2025-жылдын 15-декабрына чейин муниципалдык администрациялар тарабынан кабыл алынат.

Катышуучулардын арызында төмөнкү маалыматтар камтылышы зарыл:
* катышуучулар тууралуу кыскача маалымат;
* жетишкендиктери жөнүндө маалымат (документтер менен тастыкталса — диплом, грамота, сертификат ж.б.);
* фото жана видео материалдар (презентация);
* МАБдан берилген сунуштама.

Долбоордун негизги максаттары жана милдеттери — үй-бүлөлүк, маданий жана коомдук баалуулуктарды чыңдоо, шаарды өнүктүрүүгө жаратмандык менен салым кошкондугу үчүн жарандарды, үй-бүлөлөрдү, жамааттарды жана уюмдарды сыйлоо, коомдук жана үй-бүлөлүк активдүүлүктүн, жарандык жоопкерчиликтин мыкты үлгүлөрүн жайылтуу, ошондой эле көрктөндүрүүдө, маданиятты өнүктүрүүдө жана коомдук демилгелерде жашоочулардын ролун жогорулатуу болуп саналат.

Конкурстун жеңүүчүлөрүнө муниципалдык администрациялардын ыраазычылык каттары, ардак грамоталары жана эстелик белектери тапшырылат.