Бишкек шаарында "Кесиптик көндүмдөрдү валидациялоо - эмгек рыногун өнүктүрүүгө карай кадам" аттуу Улуттук форум өттү. Форумду Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов ачып, көндүмдөрдү валидациялоо системасын иштеп чыгуу эмгек рыногун модернизациялоо жана жумушчу күчүнүн сапатын жакшыртуу үчүн  негиз экенин баса белгиледи.

Иш-чарага Бишкек шаарынын мэринин биринчи орун басары Мирланбек Байгончоков жана негизги министрликтердин, бизнес ассоциацияларынын, билим берүү мекемелеринин, профсоюздардын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Форумдун максаты - адам капиталын өнүктүрүүдө жана эмгек рыногун модернизациялоодо көндүмдөрдү валидациялоо ролун жалпы түшүнүү.

Эл аралык өнөктөштөрдүн өкүлдөрү ачык-айкын жана жеткиликтүү квалификацияларды текшерүү системасын түзүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилеп, сөз сүйлөштү. Пленардык жыйында эксперттер эл аралык тажрыйбаны, улуттук практиканы жана ийгиликтүү сертификациялоо моделдерин сунушташты.

Катышуучулар агенттиктердин ортосундагы координациянын, көндүмдөрдү валидациялоо жол-жоболорун билим берүү, жумуш менен камсыз кылуу жана социалдык колдоо системаларына интеграциялоонун жана жумуш берүүчүнүн катышуусун жогорулатуунун зарылдыгын талкуулашты.

Ошондой эле үч панелдик талкуу өткөрүлдү: расмий эмес жумуштуулукту азайтуу жана экономикалык өнүгүү, эл аралык тажрыйбаларды колдонуу жана аялуу топторду – мигранттарды, майыптыгы бар адамдарды жана жумушсуздарды колдоодо валидациянын ролу. Бул талкуулардан кийин катышуучулар сунуштарын беришип, андан ары биргелешкен иш алып баруунун негизги багыттары боюнча макулдашышты.

Форум өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюу, басма сөз жыйыны жана расмий эмес баарлашуу  менен аяктады.