Борбор калаада Бишкек шаарынын мэриясынын алдында түзүлгөн майыптыгы бар адамдардын иши боюнча кеңештин алкагында XXV шаардык көркөм өз алдынча чыгармачылык фестивалынын жана колдонмо искусство боюнча «Күн баарына бирдей тийет» аттуу сынактын, ошондой эле мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар арасындагы инклюзивдүү спартакиаданын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи өттү.

Фестиваль жана спартакиада Майыптардын эл аралык күнүнө карата уюштурулду.

Жеңүүчүлөргө байге жана медалдарды Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаментинин, ошондой эле Маданият башкармалыгынын өкүлдөрү тапшырышты.