Түнкү саат 2ден баштап «Тазалык» муниципалдык ишканасынын бардык КЖМ(КДМ) техникасы жана нөөмөттөгү бригадалары жолдо. Атайын адистештирилген техникалар жолдорду биринчи иштетүүдөн өткөрүп, активдүү тазалоону улантууда. Жол жумушчулары тротуарларды, аялдама комплекстерин жана коомдук жайларды кардан тазалап жатышат.

Тазалоого төмөнкүлөр тартылган:

* 45 КЖМ атайын техникасы;
* 24 «Беларус» трактору щетка жана күрөктөрү менен;
* 3 фронталдык жүктөгүч;
* 4 «Хово» унаасы оодарылмалары менен;
* 2 калактуу жүктөгүч;
* 48 жол жумушчусу.

Музга каршы иштетүү зарылдыгына жараша, жолдун абалына жана аба ырайынын шарттарына жараша жүргүзүлөт. «Тазалык»  шаардын көчөлөрүнүн тазалыгын, өткөрүмдүүлүгүн жана коопсуздугун камсыз кылып, күчөтүлгөн режимде иштөөнү улантууда.