К. Каниметов атындагы №1 мектеп-интернаттын базасында Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаменти «Жаш мугалим» программасынын катышуучулар үчүн тестирлөө өткөрүүдө.

Бул программа Бишкек мэриясынын каражаттарынын эсебинен ишке ашырылып, жаш педагогдорду колдоого, алардын кесиптик компетенцияларын жогорулатууга жана баш калаанын билим берүү уюмдарында ийгиликтүү иш баштоосу үчүн шарттарды түзүүгө багытталган.

Тестирлөө — программаны тандоонун этаптарынын бири болуп, жаш адистердин шаар мектептеринде иштөөгө даярдык деңгээлин объективдүү баалоого мүмкүндүк берет.

Билим берүү департаменти жаш кадрларды колдоо боюнча чараларды туруктуу түрдө улантып, алардын кесиптик өсүүсү жана өнүгүүсү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү түзүүнү уланта берет.