«Акниет» борборунда өспүрүм тарбиялануучулардын укуктук сабаттуулугун жогорулатууга багытталган иш-чаралар өткөрүлдү.
Иш-чарага Борбордун администрациясы жана Ленин райондук ИИБнин тергөөчүсү, милиция майору Б. Карабаев катышты. Өспүрүмдөргө алардын укуктары жана милдеттери, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жашы жете электердин жоопкерчилиги жөнүндө кеңири түшүндүрмө берилди.
Социалдык кызматкер жашы жете электер үчүн жабык мекемелер тууралуу айтып берди.
Тарбиялануучулар жаза өтөө тартиби жана мыйзамсыз аракеттердин кесепеттери менен тааныштырылды.
Жалпы жонунан иш-чарага 21 тарбиялануучу катышты. Өспүрүмдөр активдүү суроолорду берип, аларга жеткиликтүү формада жооп алышты. Тергөөчү алдын алуу багытында маек жүргүзүп, өзгөчө качуу, уурулук жана башка укук бузууларга жол бербөө зарылдыгын эскертти.
Иш-чара тарбиялык маанайда өтүп, жаштардын жоопкерчилигин жана укуктук аң-сезимин калыптандырууга өбөлгө түздү.