«Алга» спорт комплексинде Бишкек мэриясынын алдындагы майыптыгы бар жарандардын кеңешинин жыйыны өттү. Иш-чара ачык диалог форматында өтүп, майыптыгы бар адамдар үчүн жашоо сапатын жогорулатуу жана шаардык чөйрөнүн жеткиликтүүлүгүн арттыруу маселелерине арналды.
Иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев жана Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Канат Сагынбаев катышты.
Шаар башчысы Кеңешти ачып жатып, бардык жарандар үчүн тең укуктарды камсыздоо жана ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча туруктуу иш алып баруунун маанилүүлүгүн белгиледи.
«Бүгүн биз жөн гана жыйынтык чыгаруу үчүн чогулган жокпуз. Биз күн сайын реалдуу турмуштук кыйынчылыктарга туш болгон адамдар жөнүндө сөз кылып жатабыз. Биздин жалпы милдет — ар бир жаран өзүн коомдун толук кандуу мүчөсү катары сезген келечекти куруу.
Биз социалдык системаны гана өзгөртүп жаткан жокпуз. Биз шаардын өзүн өзгөртүп жатабыз. Бүгүнкү күндө бардык жол курулуш иштери майыптыгы бар адамдардын муктаждыктары эске алынуу менен аткарылууда. Пандустар, атайын элементтер, унаа токтотуучу жайлар, үн чыгаруучу светофорлор, «акылдуу» аялдамалар, жеткиликтүү маршруттар — мунун баары азыр чындыкка айланды. Бишкек ар бир майыптыгы бар адам өзүн ишенимдүү, эркин сезе турган шаар болушу керек», — деди мэр.
Жыйындын жүрүшүндө катышуучуларга мэриянын билим берүү, спорт жана майыптыгы бар адамдар үчүн шаардык инфраструктура боюнча учурда жүргүзүп жаткан демилгелери тууралуу видеоролик көрсөтүлдү.
Кеңешке ошондой эле коомдук уюмдардын өкүлдөрү жана адистер катышты: «New Age» коомдук фондунин жетекчиси, мэрдин кеңешчиси Аскар Турдугулов, «КОС и КОГ» коомдук уюмунун угуу мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар менен иштөө боюнча адиси Алия Турдиева, адистештирилген балдар -өспүрүмдөр спорттук мектебинин тарбиялануучусу, пара-армрестлинг боюнча Кыргыз Республикасынын спорт чебери, 2025-жылдын дүйнө чемпиону Токтосун уулу Бекбосун, «Оэйсис» кайрымдуулук коомдук фондунин директору Мээрим Осмоналиева катышты.
Спикерлер шаардык чөйрөнүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу боюнча сунуштарын берип, көйгөйлөрдү жана аларды чечүү жолдорун айтышты. Талкуунун жыйынтыгында катышуучулар мындан аркы ишмердүүлүк үчүн бир катар сунуштарды иштеп чыгышты.
Иш-чаранын соңунда коноктор үчүн майыптыгы бар балдардын чыгармачыл иштеринин көргөзмөсү уюштурулду.






























