Бишкек шаарынын мэриясы «Бишкек шаарында коомдук санитардык объектилерди өнүктүрүү» мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) долбоорунун алкагында жеке өнөктөштү тандоо боюнча ачык конкурс жарыялайт.


Долбоордун максаттары:

  • Калк үчүн санитардык-гигиеналык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу;
  • Санитардык объектилердин инфраструктурасын модернизациялоо жана кеңейтүү;
  • Ыңгайлуу шаардык чөйрөнү камсыз кылуу.


Кимдер катыша алат: Квалификациялык тандоонун талаптарына жооп берген бардык кызыкдар жактар жана уюмдар катышууга чакырылат.


Квалификацияга суроо-талап менен шилтеме аркылуу таанышууга болот:

https://drive.google.com/file/d/1LK_FMluGSf4MZpGSfk8gzbYMIRX9sWOX/view?usp=drivesdk


Өтүнмөлөрдү берүү: Өтүнмө жана коштоочу документтер салынган конвертти жеке өзү же курьер аркылуу төмөнкү дарекке тапшыруу зарыл: Бишкек шаары, Октябрь району, М. Элебаев көчөсү, 7, Бишкек шаарынын мэриясынын Шаардык чарба департаменти. 


Иш убактысы: саат 09:00дөн 18:00гө чейин (түшкү тыныгуу – саат 12:30дан 13:30га чейин).


Маалымат алуу үчүн байланыштар:

  • Бишкек шаарынын мэриясынын Шаардык чарба департаменти: 

0701 168 555

  • МЖӨ борбору: 0703 665 515