Бишкек шаарынын Ленин районуна караштуу №95 орто мектепте «Гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк аракет» кампаниясынын алкагында социалдык педагогдор, психологдор жана тарбия иштери боюнча директордун орун басарлары үчүн маалыматтык сессия өткөрүлдү.

Иш-чараны Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык администрациясы БУУнун ЮНФПА фондунун колдоосу менен уюштурду. 2025-жылдагы кампаниянын негизги темасы — санариптик зомбулук.

Сессияга Ленин районундагы мектептерден 80ден ашуун педагог катышты. Иш-чаранын жүрүшүн Ленин районунун башчысынын орун басары Бактыгүл Исмаилова алып барды.

Спикерлер — БУУнун ЮНФПА уюмунун гендер боюнча эксперти Жеенбекова Назира жана гендер боюнча эксперт-тренер Жумабаева Гүлбарчын  балдардын санарип чөйрөдөгү коопсуздугу, сексуалдык зомбулукту алдын алуу жана жардам алуу жолдору тууралуу маалымат беришти.

Сессия интерактивдүү форматта өттү. Викторинада эң активдүү болгон катышуучуларга белектер  тапшырылды.

«Гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк аракет» өнөктүгү аялдар менен балдардын коопсуздугу боюнча маселелерге көңүл бурууну улантып, мамлекеттик, коомдук жана эл аралык түзүмдөрдүн кызматташтыгын дагы да бекемдөөдө.