Учурда Бишкектин райондорунда калкка көмүр сатуу үчүн көмүр базалары   жана бир катар стационардык сатуу пункттары иштейт.

Мисалы, Свердлов районунда калкка көмүр төмөнкү көмүр базаларынан сатылат:
- Достоевский көчөсү, 1.
Мындан тышкары, стационардык көмүр сатуу пункттары бар:
- Лебединовка муниципалдык аймактык башкармалыгы, Жеңиш проспектиси, 23;
- Жеңиш проспектиси, 289;
- Биримдик-Кут конушу, 26-контур;
- Нижняя Ала-Арча муниципалдык аймактык башкармалыгы, Кыргыз көчөсү, 1/а;
- Кыргыз көчөсү,  8, 10, 12, 20 жана 24;
- Келечек конушу, Түндүк айланма жол;
- Нижняя Ала-Арча конушу, Кыргыз көчөсү, 16;
- Ак-Жар конушу, Түндүк айланма жол, 1604-контур;
- Дордой-2 конушу, Түндүк айланма жолу, 963-контур;
- Нижняя Ала-Арча конушу, Курманалиев/Элебесов көчөлөрүнүн кесилиши.

Ленин районунда калкка көмүр төмөнкү көмүр базаларынан  сатылат:
- Мурман көчөсү, 126;
- Мурман көчөсү, 122, 122а — Береке ЖЧКсы;
- Мурман көчөсү, 1б — Беш-Сары ЖЧКсы;
- Алыкулов көчөсү, 3;
- Дэн Сяопин проспектиси, 308/4 — "Болотбеков"  жеке ишкер;
- Б. Алыкулов  көчөсү, 6б — "Абиев Нурлан" жеке ишкери;
- Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин көмүр базасы: Дэн Сяопин көчөсү, 306;
- Б. Алыкулов  көчөсү, 1д/1;
- Ак-Ордо конушу, Аят көчөсү, 2 (Э. Иманалиев  көчөсү менен кесилиши), 98-контур;
- Новопавловка, Фрунзе көчөсү, 345

Биринчи май районунда көмүр төмөнкү даректерде сатылат:
- Пригородное айылы, Юбилейная көчөсү, 50;
- Озерное айылы, Школьная жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилиши;
- Озерное айылы, Школьная көчөсү, 3;
- Щербаков көчөсү, 121;
- Калыс-Ордо конушу, айланма жол;
- Жаш Гвардия бульвары, 174;
- Дача-Су, Трикотажник көчөсү, 2.

Октябрь районунда көмүрдү төмөнкү даректерден сатып алууга болот:
- Анкара жана Достоевский көчөлөрүнүн кесилиши;
- Көк-Жар айылы, 20-квартал, 7-апрель көчөсү, №32, Мадиев  көчөсү, 38;
- Көк-Жар конушу, Полевая көчөсү, 1/7;
- Кара-Жыгач конушу, Оберон жана Сары-Өзөн көчөлөрүнүн кесилиши;
- Рухий Мурас конушу, Анкара жана Первая көчөлөрүнүн кесилиши.