Бишкек шаарынын Биринчи май районунун социалдык өнүктүрүү башкармалыгы "Гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк активдүүлүк" өнөктүгүнүн алкагында №6, №78, №24 жана №27 мектептердин 8, 9 жана 11-класстарынын окуучулары үчүн интерактивдүү маалымат оюндарын өткөрдү.

Окуучуларга өнөктүктүн максаттары жана аялдар менен балдарга карата зомбулуктун алдын алуу чаралары жөнүндө маалымат берилди.

Бул сыяктуу иш-чара А. Молдогазиев атындагы Бишкек медициналык колледжинин студенттери үчүн да уюштурулду.

Башкармалык райондогу жаштар арасында маалымдуулукту жогорулатууну улантууда.