Ленин районуна караштуу №118 орто мектепте 8–11-класстын окуучулары арасында сексуалдык жана санариптик зомбулуктун алдын алуу жана маалымдуулукту жогорулатууга багытталган маалыматтык сессия өттү.
Иш-чараны Бишкек шаарынын мэриясынын Ленин райондук администрациясы БУУ Калк фонду (ЮНФПА) менен биргеликте уюштурду. Маалыматтык сессияга 103 окуучу кыз катышты.
Иш-чарага Ленин районунун башчысынын орун басары Бактыгүл Исмаилова да катышты.
Катышуучуларга санариптик чөйрөдө коопсуз жүрүм-турум эрежелери, ошондой эле сексуалдык зомбулуктун алдын алуу боюнча маанилүү маалыматтар берилди.
Иш-чаранын спикерлери — ЮНФПАнын гендер боюнча эксперти Жеенбекова Назира жана эксперт-тренер Жумабаева Гүлбарчын өспүрүмдөр үчүн актуалдуу коркунучтар, алардан коргонуу ыкмалары жана зарыл учурда жардам алуу жол-жоболору тууралуу айтып беришти.
Катышуучулар мекемелер аралык кызматташуунун, туруктуу профилактиканын жана үй-бүлөлөр менен билим берүү мекемелеринин активдүү катышуусунун маанилүүлүгүн баса белгилешти. ЮНФПА ошондой эле маалыматтык материалдар жана техникалык колдоо көрсөттү.
«Гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк активдүү аракеттер» өнөктүгү аялдар менен балдарды коргоо маселелерине коомчулуктун көңүлүн бурууда жана мамлекеттик, коомдук түзүмдөрдүн кызматташуусун чыңдоодо маанилүү болуп саналат.







