Шаардык муниципалитеттин жыйындар залында мэрдин орун басары Рамиз Алиев менен Кипр Республикасынын Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Кипрос Гиоргаллистин жолугушуусу болду.

Жолугушуунун максаты — шаарды өнүктүрүү, жол кыймылын башкаруу, ошондой эле коопсуз жана натыйжалуу транспорттук инфраструктураны камсыздоо боюнча кызматташууну талкуулоо болду.

Иш-чаранын жүрүшүндө шаардык чөйрөнү өнүктүрүүдөн тартып транспорттук коопсуздукту жогорулатууга чейин — Бишкек менен Кипр Республикасынын өз ара кызматташуу үчүн реалдуу мүмкүнчүлүктөрү бар багыттар аныкталды.

Жолугушуунун соңунда тараптар мындан аркы жемиштүү кызматташууга үмүт артышты.