2025-жылдын 8-декабрында Бишкек шаарынын №75 орто мектебинин базасында шаар мэриясынын Билим берүү департаменти кыргыз тилин жайылтуу, популяризациялоо жана бекемдөө максатында уюштурулган бир нече чыгармачылык жана кесиптик конкурстардын жеңүүчүлөрүн салтанаттуу түрдө сыйлады.

Иш-чаранын алкагында төмөнкү конкурстардын жыйынтыктары чыгарылды:

«Дилгир» – кыргыз тилин мыкты билген, таланттуу жана активдүү окуучуларды аныктоо максатындагы конкурс;

«Мыкты сабак» – мугалимдер арасындагы мыкты ачык сабактардын конкурсу;

«Мыкты кыргыз тил жана адабият кабинети» – кыргыз тили жана адабияты кабинеттеринин ичинен мыктысын тандоо конкурсу.

Бардык номинациялардын жеңүүчүлөрү Билим берүү департаменти тарабынан грамоталар жана баалуу белектер менен сыйланышты.

Белгилей кетсек, мындай конкурстар мындан ары да өткөрүлүп, кыргыз тилине кызыгууну арттырууга жана окутуунун сапатын жогорулатууга багытталат.

Иш-чара жылуу жана салтанаттуу маанайда өтүп, мугалимдерди, окуучуларды жана билим берүү тармагынын өкүлдөрүн бириктирди. Алар борбор калаанын билим берүү мекемелеринде кыргыз тилинин ордун бекемдөө боюнча мындан ары да үзүрлүү иш алып барууга даяр экендиктерин билдиришти.