Бишкек мектептеринин окуучулары А. Умуралиев атындагы Бишкек шаардык драм театрына барышат. Бул окуу жылында театрга 8 жана 10-класстардын болжол менен 6000 окуучусу барышат.
Бүгүн, 2025-жылдын 5-декабрында, Бишкек шаарынын мэринин орун басары Виктория Мозгачева жана окуучулардын тобу театрдын чыгармачыл тобу тарабынан коюлган "Тактеке" трагикомедиясын көрүштү.
Спектаклдер бекитилген графикке ылайык уюштурулуп, өспүрүмдөрдүн маданий дүйнө таанымын кеңейтүүгө жана руханий жана адеп-ахлактык баалуулуктарды өнүктүрүүгө багытталган.
Буга чейин А. Умуралиев атындагы театрынын чыгармачыл тобу мектеп окуучуларына "Саадак какты" спектаклин тартуулап, окуучулар менен мугалимдердин оң пикирлерин алышкан.
Белгилей кетсек, административдик-аймактык реформанын алкагында Бишкек шаарына кирген мектептердин окуучуларына өзгөчө көңүл бурулууда.
Бул иш-чаралар Кыргыз Республикасынын Президентинин "Инсандын руханий адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы" Жарлыгына ылайык ишке ашырылууда, анда маданий демилгелерди колдоо жана өсүп келе жаткан муундун ар тараптан өнүгүүсү үчүн шарттарды түзүү белгиленген.






