Бишкек шаарында А. Токтоналиев көчөсү, 62 дарегинде жайгашкан көп функционалдуу спорт комплексинин курулуш иштери уланууда. Объект тик бурчтук формасындагы эки кабаттуу имарат болуп саналат. Имараттын жалпы аянты 2 296 м², ал эми жер тилкесинин аянты — 0,2637 гектарды түзөт.

Биринчи кабатта гардероб, машыктыруучунун бөлмөсү, калыстын бөлмөсү, персонал үчүн жайлар, санитардык түйүндөр, эркектер жана аялдар үчүн кийим алмаштыруучу бөлмөлөр, инвентар бөлмөсү, ошондой эле эки толук өлчөмдөгү спорт аянтчасы каралган.

Экинчи кабатта машыгуу залы, медициналык кабинет, санитардык түйүн жана техникалык бөлмө бар.

Курулуш иштери заманбап талаптарга ылайык жүргүзүлүүдө. Имараттын пайдубалы тасма түрүндө курулуп, сырткы дубалдары жана ички бөлүктөрү сэндвич-панелдерден тургузулган. Металл каркастын колдонулушу имараттын бекемдигин, энергиянын үнөмдүүлүгүн жана узак мөөнөттүү эксплуатациясын камсыздайт.

Подряддык уюм — «Компания Аль Фирдаус» ЖЧКсы.