Жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгы шаардык жол-транспорт түйүнүн өнүктүрүүгө тоскоолдук кылган, мыйзамсыз курулган объектилерди алып салуу иштерин улантууда.
Сибирский тар көчөсүндө 9 капиталдык курулуш жана 11 тосмо алынды.
Жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында узундугу 144 метр болгон 1700 чарчы метр муниципалдык жер бошотулуп, бул жолду ачууга жана жарандардын эркин өтүүсүнө мүмкүнчүлүк берет.
11 айдын жыйынтыгында Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгы тарабынан жалпы 127 116 чарчы метр муниципалдык жер бошотулду. Бул ФИФА стандарты боюнча 18 футболдук талаанын аянтына барабар.







