Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык инспекциясы абанын сапатын текшерүүнү улантууда.

2025-жылдын 2–3-декабрында инспекторлор шаар аймагында иштеп жаткан 83 мончо менен саунаны кыдырып, тыюу салынган заттарды өрттөө фактыларын аныктоо жана алдын алуу иштерин өткөрүштү.

Текшерүүнүн жыйынтыгында 49 мончо менен сауна катуу отун (көмүр жана отун) колдонору аныкталды, 8 объект газга же электр жылытууга өткөнү белгилүү болду, калгандары ишин токтоткон.

Орозов  көчөсүндөгү 134-үйдө жайгашкан бир жеке мончо майда көмүр колдонуп жатканы аныкталды, бул Бишкек шаарынын мэриясынын 2025-жылдын 9-октябрындагы №290 токтомун бузуу болуп эсептелет. Токтомдо майда  көмүрдү колдонууга чектөө каралган.

Жеке мончонун ээсине карата КРнын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 434-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык протокол түзүлүп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Муниципалдык инспекция борбор калаанын тургундарына экологиялык эрежелерди сактоо зарылдыгын эскертип, аларды төмөнкүлөргө чакырат:
* жылытуу үчүн колдонулган майларды, таштандыларды жана башка уулуу заттарды колдонбоого;
* жалбырактарды, чөптөрдү жана тиричилик калдыктарын өрттөбөөгө;
* мүмкүн болушунча газ менен жылытууну кошкондо экологиялык жактан таза күйүүчү майларга өтүүгө.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын көрктөндүрүү эрежелерине ылайык, шаар аймагында тигүү өндүрүшүнүн калдыктарын, авто  майларын, боёк  материалдарын жана пластмасса, каучук, желим (бутылка, банка ж.б.), резина буюмдарын (дөңгөлөктөр, камералар ж.б.) өрттөө тыюу салынат.