2025-жылдын 4-декабрында саат 10:00дөн 24:00гө чейин турак үйлөргө, мектептерге, бала бакчаларга, саламаттык сактоо мекемелерине жана башка социалдык-тиричилик багытындагы жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суунун берилиши убактылуу токтотулат.

Суу өчүрүлө турган аймак төмөнкү көчөлөр менен чектелет:

* Селекционное көчөсү – Муромская көчөсү – Биримдик көчөсү – Жайыл Баатыр көчөсү.

Д-250 мм суу түтүгүндө авариялык-калыбына келтирүү иштеринин жүргүзүлүшүнө байланыштуу суу убактылуу токтотулат.

«Бишкексууканал» МИси келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекемелерди, тургундарды алдын ала ичүүчү суу камдап алууга чакырат.