2025-жылдын 4-декабрында саат 10:00дөн түнкү 24:00гө чейин турак жайларга, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат.

Өчүрүү аймагы төмөнкү көчөлөр менен чектешет:
* Садырбаев көчөсү, Ташауз көчөсү - Циолковский көчөсү - Чукотская көчөсү - Бакаев көчөсү.

Бакаев  көчөсүндөгү диаметри 300 мм болгон суу түтүгүндөгү жана Ташауз  көчөсүндөгү диаметри 100 мм болгон суу түтүгүндөгү авариялык калыбына келтирүү иштерине байланыштуу суу өчүрүлөт.

"Бишкексууканал" муниципалдык ишканасы ыңгайсыздык жараткандыгы үчүн кечирим сурайт жана ишканалардан жана тургундардан ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.