Бүгүн, 2025-жылдын 3-декабрында, Т. Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда Эл аралык майыптар күнүнө арналган ХХV шаардык көркөм өз алдынча чыгармачылык фестивалынын, «Күн баарына бирдей тиет» искусство сынагынын жана инклюзивдик спартакиаданын катышуучуларынын гала-концерти болуп өттү.

Иш-чарага мэрдин социалдык маселелер боюнча орун басары Виктория Мозгачева катышып, балдарга ыраазычылык билдирип, аларга ден соолук, жаркын маанай жана кажыбас кайрат каалады.

"Билим берүү, спорт жана искусство жаатындагы жетишкендиктериңиздер таасирдүү! Биздин негизги стратегиялык максатыбыз - бардык балдарга жеткиликтүү жана сапаттуу билим берүү, алардын спорттук жана чыгармачыл өнүгүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана жаш муунду  колдоо", - деп белгиледи ал.

Майрамдык программанын алкагында жыл сайын өтүүчү көркөм чыгармачылык фестивалынын, прикладдык искусство сынагынын жана майыптар арасындагы Спартакиаданын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи болду. Жеңүүчүлөргө диплом, грамота жана баалуу белектер берилди. Адистештирилген мекемелердин балдарына таттуулар тапшырылды.

Бул жылы борбор калаадагы балдар топторунан, коомдук уюмдардан жана адистештирилген мекемелерден 1100дөн ашык бала бул иш-чараларга катышты.