Египеттин Каир шаарында пневматикалык куралдан (10 м) ок атуу боюнча Дүйнө чемпионаты өттү. Мелдештерге дүйнөнүн 71 өлкөсүнөн спортчулар катышты. «Пневматикалык винтовка, 10 м» дисциплинасында 120 спортчу мелдешсе, алардын ичинен С. Джуманазаров атындагы ОРАБӨМдүн ок атуу бөлүмүнүн үч тарбиялануучусу катышты.

Бул дүйнөлүк чемпионат жаш спортчулардын чеберчилигин жогорулатуу, жеке көрсөткүчтөрүн жакшыртуу жана жогорку деңгээлдеги таймаш учурунда психологиялык чыдамдуулукту калыптандыруу үчүн маанилүү аянтча болду. Мелдештер спортчуларга көрсөтүлгөн аралык ичинде техникалык туруктуулукту камсыз кылуу үчүн психикалык даярдыкты чыңдоого мүмкүндүк берди.

Чемпионатты уюштурган: Эл аралык спорттук ок атуу федерациясы (ISSF).

С. Джуманазаров атындагы ОРАБӨМдүн тарбиялануучуларынын жыйынтыктары:
•Талантбекова Арууке — 15-орун (631,9 упай);
•Ергешова Айжан — 89-орун (623,2 упай);
•Кубанычбекова Каныкей — 94-орун (622,6 упай).