С. Джуманазаров атындагы Олимпиадалые резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин жеңил атлетика жана биатлон бөлүмдөрүнөн 35 тарбиялануучу Чолпон-Ата шаарында (Ысык-Көл облусу) өткөрүлгөн окуу-машыгуу даярдыктарына катышты.
Бул даярдыктар спортчуларды жакынкы эл аралык мелдештерге даярдоо максатында уюштурулду.
Программа боюнча катышуучулар физикалык даярдыкты, техникасын, чыдамкайлыгын жана ылдамдыгын жакшыртуу боюнча машыгуулардан өтүп, ошондой эле мелдештик туруктуулукту жогорулатууга багытталган атайын сабактарды окушту.

