2025-жылдын 28–29-ноябрында Бишкек шаарынын спорт залдарында майыптыгы бар адамдар арасында армрестлинг жана пауэрлифтинг боюнча Инклюзивдүү спартакиада өткөрүлдү.
Мелдештер жеке эсепте, чоңдор, жаштар жана кыз-келиндер арасында өттү. Мелдешке көрүү жана угуу мүмкүнчүлүгү чектелген, таяныч-кыймыл аппараты (ОДА) жана борбордук нерв системасынан (ЦНС) жабыркаган спортчулар катышууга уруксат алышты.
Спартакиадага төмөнкү 10 спорттук дисциплина боюнча өткөрүлүүдө: шахмат, шашки, стол үстүндөгү теннис, кичи-футбол, волейбол, армрестлинг, пауэрлифтинг, грек-рим күрөшү, тхэквондо WT жана сууда сүзүү.
Иш-чара Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти тарабынан уюштурулуп, инклюзивдүү спортту жайылтуу жана өзгөчө муктаждыктары бар адамдарды активдүү жана дени сак жашоого тартуу максатында өткөрүлдү.
Армрестлинг боюнча жеңүүчүлөр:
Балдар - 50 кг, угуу мүмкүнчүлүгү жабыркагандар арасында:
1-орун — Кудайбердиев Аваз;
2-орун — Бектемиров Баяман;
3-орун — Аскаралиев Дастан;
Кыздар - 75 кг, угуу мүмкүнчүлүгү жабыркагандар арасында:
1-орун — Жанышова Назима;
2-орун — Жумабекова Калнура;
3-орун — Маратбекова Бегимай;
Аялдар, көрүү мүмкүнчүлүгү жабыркагандар (абсолюттук) арасында:
1-орун — Темиркул кызы Айнагүл;
2-орун — Өмүрбекова Айдана;
3-орун — Джылышбаева Чолпон;
Эркектер, көрүү мүмкүнчүлүгү жабыркаганадар (абсолюттук) арасында:
1-орун — Нурматов Евгений;
2-орун — Босумбаев Урмат;
3-орун — Мирлан уулу Камил;
Аялдар 55 кг, борбордук нерв системасы (ЦНС) жабыркагандар арасында:
1-орун — Кожомкулова Жаркынай;
2-орун — Кожурова Инга;
3-орун — Ковтун Светлана;
Эркектер 60+, борбордук нерв системасы (ЦНС) жабыркагандар арасында:
1-орун — Хан Александр;
2-орун — Бакыт уулу Аспек;
3-орун — Камалдинов Ырыскелди;
Балдар 60 кг, таяныч-кыймыл аппараты (ОДА) жабыркагандар арасында (стоячие):
1-орун — Аманбеков Каныбек
2-орун — Усеев Аманбек
3-орун — Уланов Кудайберген
Пауэрлифтинг боюнча жеңүүчүлөр:
Балдар 70 кг, борбордук нерв системасы (ЦНС) жабыркагандар арасыгда:
1-орун — Иманалиев Амантур;
2-орун — Дүйшеналиев Умар;
3-орун — Мухаматов Элдияр;
Эркектер 60 кг, таяныч-кыймыл аппараты (ОДА) жабыркагандар арасында:
1-орун — Токтосун уулу Бекболсун
2-орун — Замирбек уулу Азизбек
3-орун — Руслан уулу Темирлан
Эркектер 80+ кг, угуу мүмкүнчүлүгү жабыркагандар арасында:
1-орун — Никифоров Александр;
2-орун — Алиев Нурбек;
3-орун — Калысбек уулу Жаныбек;
Балдар 60 кг, угуу мүмкүнчүлүгү жабыркагандар арасында:
1-орун — Гайтназаров Жамшит;
2-орун — Уланов Арлен;
3-орун — Игнатов Алмаз;
Бардык жеңүүчүлөргө жана байге ээлерине Бишкек шаарынын мэриясынын Ден-соолук жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти тарабынан медалдар, дипломдор жана баалуу сыйлыктар тапшырылды.






