ЖМКларда Чыңгыз Айтматов проспектисиндеги өрттөн жабыркагандар жардамсыз калды деген маалыматтардын тарашына байланыштуу, Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев мурда өрттөн жабыркаган тургундар менен жолукканын билдиребиз.
Анын тапшырмасынын негизинде биринчи кезектеги жардам өз убакытында көрсөтүлгөн. Бардык жабыркагандар убактылуу жайга жайгаштырылып, зарыл шарттар менен камсыздалган.
Жабыркагандар менен болгон жолугушуунун жыйынтыгында материалдык жардам көрсөтүү боюнча чечим кабыл алынып, мэрдин резервдик фондунан 22 үй-бүлөнүн ар бирине 50 миң сомдон төлөндү.
Эскерте кетсек, турак жай үчүн компенсация маселеси мыйзам чегинде гана жөнгө салынат жана мамлекеттик камсыздандыруу механизмдери аркылуу ишке ашат. Жалпы жабыркагандардын ичинен беш батир камсыздандырылган, так ошол батирлердин ээлери белгиленген тартип боюнча компенсация ала алышат.
Мэрдин орун басары В.А. Мозгачева жана Биринчи май району башчысы Сарылбек уулу Улан тарабынан тургундарга кийинки жайгаштыруу, жардам алуу жана мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Учурда жабыркаган үй-бүлөлөрдү андан ары колдоонун ар кандай жолдору каралууда. Жайгаштыруу, кошумча жардам көрсөтүү жана мамлекеттик түзүмдөр, анын ичинде Мамлекеттик ипотекалык компания менен өз ара аракеттенүү маселелери белгиленген тартипте каралат.
Бишкек шаарынын мэриясы өз ыйгарым укуктарынын чегинде ар тараптуу колдоо көрсөтүүнү улантууда жана жабыркаган үй-бүлөлөр берилген толук жардамды алышы үчүн бардык зарыл чараларды көрүп жатат.