Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы Жибек-Жолу проспектиси, 281 дарегинде жайгашкан №23 орто мектеп үчүн жаңы имарат куруу долбоорун ишке ашырууда.
Жаңы имарат үч кабаттуу, жертөлөсү бар. Жалпы аянты 5199,19 чарчы метрди түзөт жана мектеп 560 окуучуга ылайыкташтырылган.
Аймак жашылдандырылып, кичи-футбол аянтчасы, баскетбол жана волейбол аянтчалары, машыгуу аянты, оюн аянтчасы, асфальтбетон жана таман таш төшөлмө, жаан-чачын үчүн канализация системасы жана өрткө каршы тилкелер сыяктуу ыңгайлуу шарттар менен жабдылат.
Учурда спорт залда жана жыйындар залында кыш төшөө иштери жүрүп жатат. Үчүнчү кабаттын каркасын чогултуу иштери башталды. Футбол жана баскетбол аянтчаларынын курулушу да уланууда.
Подрядчы - «СК Лидер Хаус» ЖЧКсы.