Борбор калаанын мэриясынын жыйындар  залында Бишкек шаарынын  мэринин орун басары Рамиз Алиев БУУнун Туруктуу өнүктүрүү башкармалыгынын (UNOSD) башчысы Пак Чун Ку мырза жетектеген делегация менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун негизги темасы – шаардагы атмосфералык абанын булганышына алып келген негизги булактарды аныктоо жана бул багытта жаңы комплекстүү изилдөө жүргүзүүнүн зарылдыгы болду.

Мэрдин орун басары  Рамиз Алиевдин айтымында, түтүн маселеси Бишкек үчүн эң курч көйгөйлөрдүн бири бойдон калууда.

«Шаарыбыздагы олуттуу маселелердин бири – түтүн. Бишкекке абанын сапатын изилдеген жаңы, заманбап иликтөө зарыл. Учурдагы абалды ар тараптуу изилдеп, абанын булганышынын негизги булактарын так аныктоо үчүн адистерди чакырдык», — деди ал.

UNOSD өкүлдөрү чакырууга ыраазычылык билдирип, уюмдун долбоорлорунда колдонулган эл аралык аба сапатын изилдөө методологиясы боюнча презентацияны сунушташты.

Жолугушуунун соңунда тараптар мындан ары да жемиштүү кызматташууга үмүт артышарын белгилешти.